Kitabı oku: «Türkiye'de Kırgız Araştırmaları», sayfa 6
2.2.37. ZAL, Ünal, Kırgız Türkçesinde Edatlar -Cengiz Aytmatov’un “Cemile” Romanındaki Edatlar Üzerine Karşılaştırmalı Bir Çalışma, YL Tezi, Kırıkkale Üniversitesi, Sosyal Bilimler Enstitüsü, Türk Dilive Edebiyatı ABD, Kırıkkale, 1999, Tez Danışmanı: Doç. Dr. Mustafa Uğurlu, 133 s.
Корутунду сөз
Бул макалада Түркияда кыргыз тили жана адабияты боюнча 1990-жылдарга чейин жасалган эмгектер жөнүндө кыскача маалымат берилгенден кийин 1990-2018- жылдары арасында Түркиядагы университеттерде кыргыз тили боюнча жазылган диссертациялар жөнүндө маалымат берилди. Бул библиографияда отуз доктордук, жетимиш беш магистрдик, жалпысынан жүз беш диссертация көрсөтүлгөн. Алардын ичинен жыйырма беш доктордук диссертация түздөн-түз кыргыз тили боюнча жазылган иш болсо, калган бешөө адабий тексттердин негизинде тилдик изилдөө жүргүзүлгөн дипломдук иштер болуп саналат. Ал эми магистрдик эмгектердин отуз сегизөө түздөн-түз кыргыз тили тууралуу болсо, калган отуз жети эмгек адабий тексттердин негизинде тилдик изилдөөгө негизделген дипломдук иштер болуп саналат. Дипломдук иштер үчүн тандалган адабий тексттердин башкы сабында Айтматовдун чыгармалары жана «Манас» эпосу менен бирге кыргыз адабиятынын алдыңкы жазуучуларынын чыгармалары турат. Он үч доктордук жана отуз бир магистрдик диссертация кыргыз тилин бир же бирден көп башка түрк тилдери менен салыштырган түрдө даярдалган. Диссертацияларды университеттердеги кафедраларга карата бөлүп карасак, жыйырма бир доктордук жана кырк тогуз магистрдик диссертация Түрк тили жана адабияты кафедраларында даярдалган. Эң алгачкы диссертация 1994-жылы корголгон. Кыргыз тили боюнча эң көп диссертация даярдалган кафедралардын экинчиси – Азыркы түрк тилдери жана адабияттары кафедрасы.
Аталган кафедра Түрк тили жана адабияты бөлүмдөрүнөн кийинчерээк ачылгандыктан кыргыз тили тууралуу даярдалган диссертациялардын саны боюнча экинчи орунда турат десек жаңылышпайбыз. 2018-жылга чейин Азыркы түрк тилдери жана адабияттары кафедраларында сегиз доктордук, он сегиз магистрдик диссертация корголгон.
Калган аз сандагы диссертация чет тилдер кафедрасы, тил илими, араб тили, түрк тили, философия жана диний илимдер, Евразия изилдөөлөрү сыяктуу кафедраларда даярдалган. Алгачкы доктордук диссертация 2004-жылы, магистрдик диссертация 1997-жылы корголгон. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер 1990-жылы башталып, алгачкы түрк тилдери кафедралары 1992-жылы ачылган. Магистратура жана докторантура программалары үчүн белгилүү окутуу мөөнөтү керек болгондуктан алгачкы диссертациялар 1994-жылдары корголо баштаган. Кайсыл университетте канча диссертациянын даярдалганын алып карай турган болсок, жалпысынан (доктордук жана магистрдик) 30 диссертация менен Гази университети алдыңкы орунда турат. Гази университетинде Түрк тили жана адабияты кафедрасынын тээ мурунтан болушу жана Азыркы түрк тилдери кафедрасынын дал ушул университетте биринчи ачылганы мында негизги фактор болгон. Азыркы түрк тилдери деген кафедрасы Түркияда экинчи болуп ачылган Анкара университетинде 11 диссертация даярдалган.
Андан кийинки орундарда 6 диссертация менен Стамбул университети, 5 диссертация менен Эге университети турат. Мармара, Чукурова жана Фатих университетинде төрттөн диссертация, Мугла Сыткы Кочман, Фырат, Ондокуз Майыс, Хажеттепе, Бүлент Эжевит жана Эржийес университеттеринде үчтөн диссертация, Ататүрк, Йылдыз Текник, Орду, Карабүк жана Нигде университеттеринде экиден диссертация, ал эми Жумхуриет, Чанаккале, Онсекиз Март, Сакаря, Селчук, Истанбул Күлтүр, Памуккале, Кафкас, Йүзүнжү йыл, Ардахан, Улудаг, Газиантеп, Мимар Синан Гүзел Санатлар жана Кырыккале университеттеринде болсо бирден диссертация корголгон.
Диссертациялардын 38 даанасы түрк тектүү мамлекеттерден келген студенттер менен башка чет элдик студенттер тарабынан даярдалган. Бул абал Түркиядагы билимге болгон кызыгууну көрсөтүп тургандыгы жагынан өтө маанилүү. Калган 70 диссертация Түркия Республикасынын жарандары тарабынан даярдалган. Изилденген темалар кыргыз тилинин жалпы грамматикасы ж.б. грамматикага байланыштуу темалар. Жардамчы этиштер, татаал этиштер, чак категориясы, лексикалашкан татаал этиштер, этиштин мамилелери, зат атоочтор, жер аттары, өсүмдүк аттары, түс аттары, тактоочтор, атоочтор, сөз түркүмдөрү, лексикология, киринди сөздөр, синтаксис, фразеология, макалдар, фонетика, тыбыштык өзгөрүүлөр, мүчөлөр, этимология, диалектология жана котормо сыяктуу темалар изилденген. Библиографиялык изилдөөлөр бир өлкөдө белгилүү бир темада жаралган маалымат жыйындыларын, басымдуу болгон багыттар менен аймактарды, окумуштуулар курамын жана изилдене элек болгон багыттарды чагылдырып көрсөтүү үчүн өтө маанилүү балуп саналат.
Пайдаланылган адабияттар
AKIN, İlhan, Manas Destanı, Lisans Tezi, İstanbul Üniversitesi, Edebiyat Fakültesi, Tarih Bölümü, İstanbul, 1975, 48 s.
ARVAS, Abdülselam, “Manas Destanı Üzerine Araştırma Yapan Türkiyeli İlk Bilim Adamları”, Çankırı Karatekin Üniversitesi Karatekin Edebiyat Fakültesi Dergisi, 5(2), 2017, s. 137-152.
ASKER, Hüseyin, Kırgız Türkleri, Lisans Tezi, İstanbul Üniversitesi, Edebiyat Fakültesi, Tarih Bölümü, İstanbul, 1979, 49 s.
AYTMATOV, Cengiz, Al Yazmalım Selvi Boylum, çev. M. Ethem Gözlü, Cem Yay., İstanbul 1974.
AYTMATOV, Cengiz, Askerin Oğlu, çev. M. Ethem Gözlü, Cem Yay., İstanbul 1974.
AYTMATOV, Cengiz, Beyaz Gemi, çev. Güneş Bozkaya Kollontay, Hür Yay., İstanbul 1970.
AYTMATOV, Cengiz, Cemile- Selvi Boylum, çev. Şerif Hulusi, Halit Aliosmanoğlu, Hür Yay., İstanbul 1971.
AYTMATOV, Cengiz, Cemile, çev. M. Ethem Gözlü, Cem Yay., İstanbul 1974.
AYTMATOV, Cengiz, Deve Gözü, çev. M. Ethem Gözlü, Cem Yay., İstanbul 1974.
AYTMATOV, Cengiz, Fuji-Yama, çev. M. Ethem Gözlü, Cem Yay., İstanbul 1976.
AYTMATOV, Cengiz, Gülsarı, Yüz Yüze, çev. Seçkin Cılızoğlu, Yeni Dünya Yay., İstanbul 1980.
AYTMATOV, Cengiz, Gün Uzar Yüzyıl Olur, çev. Mehmet Özgül, Cem Yay., İstanbul 1982.
AYTMATOV, Cengiz, İlk Öğretmen, çev. M. Ethem Gözlü, Cem Yay., İstanbul 1974.
AYTMATOV, Cengiz, Kızıl Elma, Oğulla Buluşma, Beyaz Yağmur, Asker Çocuğu, Deve Gözü, çev. Refik Özdek, Ötüken Neşriyat, İstanbul 1990.
AYTMATOV, Cengiz, Kopar Zincirlerini Gülsarı, çev. Tahir Alangu, May Yay., İstanbul 1969.
AYTMATOV, Cengiz, Toprak Ana, çev. Ülkü Tamer, Varlık Yay., İstanbul 1972.
AYTMATOV, Cengiz, Yıldırım Sesli Manasçı, Yüz Yüze, Deniz Kıyısında Koşan Ala Köpek, çev. Refik Özdek, Ötüken Neşriyat, İstanbul 1990.
AYTMATOV, Cengiz, Yüz Yüze, çev. M. Ethem Gözlü, Cem Yay., İstanbul 1974.
BERİN, Şaziye, Halk Edebiyatı Numuneleri: Manas Destanı (Radlof’tan Tercüme), Lisans Tezi, İstanbul Üniversitesi, Edebiyat Fakültesi, İstanbul 1934.
ÇELİK, Ülkü, Kırgızca Bir Hikâye: Astra Gülü (Metin-Çeviri-Dizin), YL Tezi, Hacettepe Üniversitesi, Sosyal Bilimler Enstitüsü, Ankara, 1988, 357 s.
DEMİR, Alpaslan, “Manas Bibliyografyası Denemesi: Türkiye’de Manas Çalışmaları”, Manas Üniversitesi Sosyal Bilimler Dergisi, 6, Bişkek, 2003, s. 59-80.
GEZER, Şule, “Türkiye’de Kırgız Destanları Üzerine Yapılan Çalışmalar”, ZeitschriftfürdieWelt der Türken, Journal of World of Turks, 7(1), 2015, s. 331-352.
GÜNGÖR, Sonuç, “Kırgız Akınlık Geleneği” Üzerine Türkiye Türkçesiyle Yapılmış Çalışmalar”, Karatekin Edebiyat Fakültesi Dergisi, 5(3), 2015, s. 27-38.
https://tez.yok.gov.tr/UlusalTezMerkezi/, (Алынган датасы: 17.02.2019).
İNAN, Abdülkadir, Makaleler ve İncelemeler, 2 cilt, TTK, Ankara, 1998.
İSAKOV, Abdrasul, “1916 Türkistan Olayları İle İlgili Türkiye’de Basılan Çalışmaların Bibliyografyası”, Ala Too Edebiyatı Dergisi, 5, İstanbul: Nisan-Haziran 2016, s. 40-44.
İSAKOV, Abdrasul, “Alıkul Osmonov Hakkında Türkiye’de Yapılan Yayınlar”, Ala Too Edebiyatı Dergisi, 3, İstanbul: Eylül-Aralık 2015, s. 52-57.
İSAKOV, Abdrasul, “Kırgızlar ve Kırgızistan Tarihi İle İlgili Türkiye’de Yayımlanmış Bilimsel Çalışmalar (1910- 2009)”, Orta Asya ve Kafkasya Araştırmaları, 5(9), 2010, s. 101-131.
İSAKOV, Abdrasul, “Kırgızlar ve Kırgızistan Tarihi ile İlgili Türkiye’de Yayımlanmış Bilimsel Çalışmalar (2010-2014)”, Orta Asya ve Kafkasya Araştırmaları, 9(19), Ankara 2015, s. 145-161.
İSAKOV, Abdrasul, “Türkiyada Manas Eposu Boyunça Basılgan Emgekterdin Bibliografyası (1934 – 2014)”, Uluslararası Türkçe Edebiyat Kültür Eğitim Dergisi, 4(4), 2015, s. 1451-1479.
İVGİN, Hayrettin, “Manas Destanı Üzerine Türkiye’de ve Çin Halk Cumhuriyeti’nde Yapılan Çalışmalar”, Türk Kültürü, 25 (295), 1987, s. 36-45.
İVGİN, Hayrettin, “Türkiye’de Manas’la İlgili Yapılan Çalışmalar”, İçel Kültürü, 4(12), 1990, s. 53-57.
İYİKAN, Necati, Orta Asya Güney Kafkasya Siyasî Gelişmeler: 1991-2010, Hiperlink Yay., 2011.
KAPLAN, Mehmet, “Manas Destanı II”, Fikir ve Sanatta Hareket, VII. Devre, 8, 1979, s. 30-37.
KAPLAN, Mehmet, “Manas Destanı”, Fikir ve Sanatta Hareket, VII. Devre, 7, 1979, s. 33-40.
KAPLAN, Mehmet, “Manas Destanı”, Türk Edebiyatı Üzerine Araştırmalar, 3-Tip Tahlilleri, Dergâh Yay., İstanbul 1985, s. 66-100.
KAPLAN, Mehmet, “Türk Edebiyatında Tipler: Manas Destanı I-II”, Fikir ve Sanatta Hareket Dergisi, 1, 1979, s. 33-40.
MURZAKULOVA, G., İSAKOV, A., Türkiye’de Eğitim Gören Kırgızistanlı Öğrencilerin Yüksek Lisans ve Doktora Tez Çalışmaları (1992-2012), Edit: Prof. Dr. Gülzura Cumakunova, Ankara, Kırgızistan Dostluk ve Kültür Derneği Yay., Ankara 2014.
ÖGEL, Bahaeddin, Türk Mitolojisi, TTK Yay., Ankara 1989.
RAHMİ, Mebrure, Dede Korkut ve Manas’ta Bazı Benzeyişler, Lisans Tezi, İstanbul Üniversitesi, Edebiyat Fakültesi, İstanbul 1935.
SOLAK, Fahri, “Kırgızistan ile İlgili Türkçe Bibliyografya (1928-2003) (Tezler-Kitaplar-Makaleler)”, Kırgız-Türk Manas Üniversitesi Sosyal Bilimler Enstitüsü Dergisi, 9, 2004, s. 67- 115.
SUBAŞI, Asuman, “Türkiye’de Manas Çalışmaları”, Türk Edebiyatı, 264, 1995, s. 44-45.
TUNGUNBAYEV, Caştegin, “Kırgızistan ve Kırgızlar İle İlgili Türkçe Akademik Çalışmalar Bibliyografyası (2009-2012)”, Türük Dil, Edebiyat ve Halkbilimi Araştırmaları Dergisi, 1 (1), 2013, s. 28-52.
TURAL, Güzin, Naciye YILDIZ, “Manas Destanı Bibliyografyası Üzerine Bir Deneme: Türkiye’deki Yayınlar”, Manas 1000 Bişkek Bildirileri (Bişkek 26-31 Ağustos 1995), Ankara: AKM Yay., 1997. s. 305-319.
TÜLÜCÜ, Süleyman, “Prof. Abdülkadir İnan Üzerine Bazı Notlar”, Atatürk Üniversitesi Türkiyat Araştırmaları Enstitüsü Dergisi, 15, Erzurum, 2000, s. 201-211.
YILDIRIM, Dursun, Manas Destanı ve Köketey Hannıŋ Ertegüsi, Doçentlik Tezi, Hacettepe Üniversitesi, Ankara 1979.
YÜCE, Mehmet, “Kırgızistan Cumhuriyeti”, Yeni Türkiye, Türk Dünyası Özel Sayısı, 9(53-54), 2013, s. 1655-1667.
Кыргыз адабиятындагы чыгармалардын түрк тилине котормолору
Ибрахим Түркхан170
Аннотация
Кыргызстан менен Түркия – боордош эки мамлекет. Эки мамлекеттин ортосунда ар кайсы багытта үзүрлүү байланыштар болуп келүүдө. Бул макала 1990-жылдан кийин кыргыз тилинен түрк тилине которулуп, өзүнчө китеп катары жарык көргөн роман, аңгеме, ыр, жомок жана сөздүк түрүндөгү чыгармалар менен кыргыз адабияты жөнүндөгү китептер тууралуу болмокчу.
Ачкыч сөздөр: Кыргызстан, Түркия, адабий байланыш, котормо, бир тууган мамлекет.
Translations of Kyrgyz Literary Works into Turkish
Abstract
Kyrgyzstan and Turkey are the two brother countries. Fruitful relationships in various areas continue to be established between the two countries. This article is about the novels, short stories, poems, fairy tales which were translated from Kyrgyz into Turkish and published as separate books, dictionary works: and works on Kyrgyz literature published after 1990.
Keywords: Kyrgyzstan, Turkey, literary relationship, translation, brother countries.
Алгы сѳз
Кыргыз эли менен азыркы Түркиянын негизги элин түзгөн түрк тектүү элдер X кылымдын тегерегинде бири-биринен бөлүнүп калган. XX кылымга чейин, Түркияда кыргыз эли менен байланыштуу маалымат жокко эсе болсо да, тарыхиймаданий-диний байланыштар болбой койбогонун эске алышыбыз керек. Мисалы, Изник шаарындагы XIII кылымга таандык «Кыргыздар күмбөзүн» буга эң жакшы үлгү катары айта алабыз. Ошондой эле Шабдан Баатырдын ажылык сапарында Стамбулга барып, падыша Абдулхамит менен кездешкени да тарых барактарында калып, изилдене турган окуялардын бири. Бирок баары бир ушундай маселелердин кеңири түрдө изилденбегенинен улам, биз ушул теманы 1990-жылдарга чейин жана 1990-жылдардан кийин деп бөлүп изилдесек туура болчудай.
Түркияда жүргүзүлгөн библиографиялык изилдөөлөргө таянып айта турган болсок, темасы «кыргыз» болуп жарык көргөн алгачкы илимий макала Абдүлкадир Инан тарабынан 1910- жылы «Кыргыз талаасынан» деген аталышта даярдалган. Бирок ошол жылдарда Орто Азия аймагы кыргыз, казак, өзбек ж.б. деп бөлүнбөй, Түркистан деп жалпы аталганын эске алышыбыз керек.
Али Рыза Сейфиоглунун 1922-1925-жылдарда «Түрк Йурду Дергисинин» (журнал) 11-15-сандарында кыргыздар менен байланыштуу беш макаласы катары менен жарык көргөн. Автор макалаларында кыргыздар тууралуу маанилүү маалыматтарды берген. Анын макалалары биринчи жолу кыргыздарды аралап жазылганы менен айырмаланган.
Бирок адабият жаатындагы байланыштар жана көркөм китептердин которулушу үчүн XX кылымдын 45-жылдарына чейин күтүүгө туура келген. Түркияда жарык көргөн кыргыз адабиятынын үлгүлөрүн изилдеп, библиографиялардан жана басмаканалардын тизмелеринен карасак, XX кылымдын 90-жылдарына чейин кыргыз тилинен түрк тилине котормолор авторлордун саны жагынан караганда өтө аз болгон. К.К.
Юдахин менен Х. Карасаев даярдаган Кыргызча-Түркчө сөздүк 1945-жылы жарык көргөн. Бирок ошол сөздүктүн орусчадан которулганын эске алышыбыз керек. Бул жагы канчалык өкүнүчтүү болсо да, ошол доордун саясатынан улам себебин түшүнсө болот. Ошол жылдардагы көркөм адабий китептерден эң көп котормо Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан экендиги баарыбызга маалым болсо керек. Бирок анын чыгармалары да тилекке каршы орус тилинен которулган. Ошондой болсо дагы Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары 1969-жылдан азыркыга чейин бир канча басмакана тарабынан көп жолу басылганы менен айырмаланат. Айтматовдун китептери ошол эле учурда түрк тилине эң көп которулган чыгармалар болуу менен да айырмаланат. Мындан сырткары жазуучунун баардык чыгармалары түрк тилине которулган эмес. 1990-жылга чейин «Манас» эпосу менен байланыштуу котормолорду да үзүндү катары жана орус тилинен алынган түрдө жолуктурабыз.
Кыргызстан 1991-жылы эркин мамлекет болгондон кийин, эки мамлекеттин ортосунда адабий байланыш чыңалып, котормо ишине басым жасала баштаган. Ошондуктан ушул макалада 1990-жылдан кийин кыргыз тилинен түрк тилине которулуп, өзүнчө китеп болуп жарык көргөн роман, аңгеме, ыр, жомок жана сөздүк түрүндөгү чыгармалар менен кыргыз адабияты жөнүндөгү китептер тууралуу сөз болмокчу.
1. Кыргыз тилинен түрк тилине которулган көркөм чыгармалар
1.1. Tanrı Dağından Sesler (Теңир тоодон үндөр) – Самет Азап.
Кыргыз адабиятынын Чыңгыз Айтматовдон бөлөк өкүлдөрүнүн чыгармаларын түркиялык окурмандарга жеткизүүгө арналган алгачкы китептердин бири – ушул китеп. Котормочусу Самет Азап Кыргызстанда иштеп кеткен, котормочулук жаатында да иштеген адамдардын бири болот. Кыргыз аңгемелеринен үлгүлөрдү камтыган ушул китеп 2010-жылы «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн.
1.2. Ürkün Kızıl Katliam (Үркүн, кызыл кыргын) – Бактыбек Максутов.
Бактыбек Максутов – Үркүн темасына эң көп кайрылган жазуучулардын бири. Анын калемине таандык ушул китеби 2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгына арналып, Түркияда жарык көргөн эң маанилүү китеп болгондугу жана aрхивдик изилдөөлөргө таянгандыгы менен айырмаланат. Китеп Ибрахим Түркхан тарабынан которулуп, «Беңгү» басмаканасынан чыккан. Китеп документалдуу роман жанрында болуп, Үркүн жөнүндө бир нече жаңы жана чыныгы маалыматтарды камтыйт. Кыргыз тарыхы жагынан жаңы деп аталган ошол маалыматтардын Түркияда биринчи жолу жарык көргөнүн айтуу абзел!
1.3. Kara Sevda (Үмүтсүз сүйүү) – Бекказы Элебесов.
Кыргыз адабиятынын атагы чыккан калемгерлеринин бири болгон Бекказы Элебесовдун калемине таандык аңгемелеринен түзүлгөн ушул китеп 2018-жылы «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн. Автор адабият айдыңында айылда төрөлүп, тоолордун кучагында чоңойгон, табыйгат менен мамиле түзө билген, иштемчил калемгерлердин бири болуп таанылган.
1.4. Uzun Yol (Узак жол) – Мукай Элебаев.
Кыргыз адабиятынын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири болгон Мукай Элебаевдин ушул чыгармасы Кыргыз адабиятындагы алгачкы роман болуу менен өзгөчөлөнүп турат. Китеп Майрамгүл Дыйканбаеванын котормосунда 2014-жылы «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн. Автор Үркүнгө катышкандыктан чыгармадагы маалыматтар чыныгы жашоодон алынгандыгы жана түрк окурмандарга ошолорду жеткирүүдөгү ролу менен, ошондой эле Үркүн темасында көркөм түрдө которулган алгачкы китеп болуу менен айырмаланат. Ошондой эле Мукай Элебаев жана «Узак жол» романы Түркияда эң көп изилденген, макала жазылган темалардын бири болуу менен да айырмаланып турат.
1.5. Haftanın Beşinci Günü (Жуманын бешинчи күнү) – Султан Раев
Кыргыз адабиятынын постайтматов доорундагы иштемчил калемгерлеринен бири болгон Султан Раев Кыргызстанда «Күндү кармаган бала» повести менен таанылса, Түркияда алгачкы жолу жарык көргөн ушул китеби аркылуу таанылууда. Жазуучунун аңгемелеринен турган ушул китеп 2010-жылы «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн. Котормочулар – Орхан Сөйлемез жана Халит Ашлар. Жазуучунун ушул чыгармасы – кыргыз адабиятынын Түркияда таанытылуусунда үлгү китептердин бири.
1.6. Tımarhane (Жиндикана) – Султан Раев
Султан Раев акыркы жылдарда Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде оозго алынган, бир нече сыйлыктарды алган жазуучу болуу менен айырмаланат. Анын чыгармаларын убагында Ч. Айтматов да мактаган. Ушул китеби 2018- жылы «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн. Бул китеп жазуучунун Түркияда жарык көргөн экинчи аңгемелер китеби болуп саналат. Котормочусу – Орхан Сөйлемез.
1.7. Yorgunluk Şiirleri (Чарчоонун ырлары) – Омор Султанов
Омор Султанов – кыргыз адабиятынын аксакал акындарынын жана коомдук ишмерлеринин бири. Анын көптөгөн чыгармалары бөлөк тилдерге которулган. Ал эми ушул китеп Ибрахим Түркхандын котормосунда 2015-жылы «Беңгү» басмаканасынан басылып, Түркияда жарык көргөн агайдын туңгуч китеби болуп эсептелет. Омор Султановдун кыргыз адабиятындагы орду баарыбызга белгилүү. Сексен ырды камтып, анын 80 жылдык юбилейине арналып чыккан ушул китеп аркылуу, түрк адабият күйөрмандары кыргыз адабиятын, кыргыз ырын жакшы тааныйт деген ойдобуз.
1.8. Ak Yol (Ак жол) – Омор Султанов.
Ушул чыгарма, кээ бир сынчылар тарабынан, «дүйнөнүн эң жакшы сүйүү романы» деп айтылган Ч. Айтматовдун «Жамийла» чыгармасындагы сүйүү түшүнүгүнө каршы жазылган. Жарык көргөн жылдары Кыргызстанда талкуу жараткан ушул чыгарма Түркияда да окурмандарын тапты деген ойдобуз. Китеп 2016- жылы «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн.
1.9. Biz Babasız Büyüdük (Биз атасыз чоңойдук) – Ашым Жакыпбеков.
Айтматовду Айтматов кылган адамдын бул чыгармасы Айтматовдун чыгармаларынан бөлөк, Түркияда алгачкы жолу басылган чыгармалардын бири болуп эсептелет. Жакыпбеков кыргыз тилин чыгармаларында мыкты колдонгону менен да айырмаланган. Бул китеп 2010-жылы «Беңгү» басмаканасынан басылып чыккан. Котормочулары – Орхан Сөйлемез жана Кемал Гөз.
1.10. Zor Zamanlar (Кыйын кезең) – Мукай Элебаев.
Мукай Элебаев – кыргыз адабиятынын түптөөчүлөрүнүн бири. Ал кыргыз адабиятына зор салым кошкон. Ушул китеп анын түрк тилине которулган экинчи китеби болуп эсептелет. 2010-жылы Орхан Сөйлемез жана Халит Ашлардын котормосунда «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн.
1.11. Aytmatov’un İzinden (Айтматовдун изи менен) – Айдарбек Сарманбет.
Акыркы жылдарда, түрк мамлекеттери менен тыгыз байланышта болуп, китептери менен котормолору жарык көрүп келе жаткан жазуучулардын бири Айдарбек Сарманбет десек жаңылышпайбыз. Ушул китеп анын аңгемелерин камтыйт. Котормочулар – И. Түркхан, С. Ибраимова, Ө. Күчүкмехметоглу, С. Азап. «Беңгү» басмаканасынан 2015- жылы жарык көргөн бул китеп, жазуучунун Түркиядагы алгачкы китеби болуп эсептелет.
1.12. Göl ve Kuğu (Көл жана ак куу)– Керимбек Кадыракунов.
Ушул ыр китеби – Токтогулдун толук ыр китебинен кийинки Түркияда жарык көргөн экинчи кыргыз ырлар китеби.
Котормочусу – Ибрахим Түркхан. «Беңгү» басмаканасынан 2015-жылы жарык көргөн. Китепте акындын сүйүү, кыргыз жери, табыйгат ж.б. темаларда жазылган 50 ыры камтылган.
1.13. Kırgız Hikâyesinden Seçmeler-1 (Тандалган кыргыз аңгемелер жыйнагы-1).
Ушул китеп – 20 жазуучунун чыгармаларынан турган, Түркияда алгачкы жолу жарык көргөн аңгемелер антологияларынын бири. Ибрахим Түркхан тарабынан которулуп, 2015-жылы «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн. Китепте кыргыз адабиятынын ар кайсы курактагы жазуучу өкүлдөрүнүн чыгармаларына орун берилген.
1.14. Kırgız Şiirinden Seçmeler-1 (Тандалган кыргыз ырлар жыйнагы-1).
25 акындын чыгармаларынан турган ушул китеп Түркияда алгачкы жана жалгыз жарык көргөн ырлар антологиясы болуу менен өзгөчөлөнүп турат. Котормочусу – Ибрахим Түркхан. Китеп 2015-жылы «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн. Китепте кыргыз адабиятынын ар кайсы курактагы акын өкүлдөрүнүн чыгармаларына орун берилген.
1.15. Кırgız Millî Şairi Toktogul Satılganov’un Seçme Şiirleri (Кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун ырлары).
Кыргыз адабиятынын залкарларынын бири, Кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун 2014-жылкы 150 жылдык юбилейинде ТҮРКСОЙ тарабынан басылган ушул китеп кыргыз адабиятынын төкмө акын жанрындагы Түркияда жарык көргөн алгачкы котормо китеп болуу менен айырмаланат. Китепте акындын бардык ырлары камтылган. Которгон – Ибрахим Түркхан.
1.16. Ben, Şairi Kırgız’ın (Мен, акыны кыргыздын) – Алыкул Осмонов.
Алыкул Осмонов – кыргыз адабиятында өзгөчө орду бар акындардын бири. Анын ырларын которуп, түркиялык окурмандарга алгачкы жолу тартуулоо болсо, 2015-жылы акындын 100 жылдык юбилейинде ишке ашкан. Китепке акындын 50 ыры кирген. Котормочулары – Ибрахим Түркхан, Жылдыз Исмаилова, Динара Асылбекова, Калмамат Куламшаев, Нурабүбү Борсокоева жана Кенан Чарбога. Китеп ТҮРКСОЙ тарабынан жарык көргөн.
1.17. Ben Dünyayı Şiirlerimle Temizlerim (Мен дүйнөнү ырым менен тазалайм) – Төлөгөн Мамаев.
Төлөгөн Мамаев – азыркы кыргыз адабиятынын аксакал акындарынын бири. Анын ырларынан түзүлгөн ушул китеп 2018-жылы ТҮРКСОЙ тарабынан биринчи жолу жарык көргөн. Котормочусу – Калмамат Куламшаев. Китеп акындын 80 жылдык юбилейине арналган.
1.18. Kalbimin Dağları (Жүрөгүмдүн тоолору) – Кеңеш Жусупов.
Кеңеш Жусупов – кыргыз адабиятынын аксакалдарынын бири. Анын кара сөз жана илимий изилдөө багытында көп сандаган китептери бар. Ал эми ушул китеп болсо, жазуучунун Түркияда жарык көргөн алгачкы аңгемелер китеби болуп саналат. Китептин котормочулары Калмамат Куламшаев жана Майрамгүл Дыйканбаева болуп, ТҮРКСОЙ тарабынан 2017-жылы жарык көргөн.
1.19. Yaydan Çıkan Nağmeler (Жаадан чыккан күүлөр) – Бексултан Жакиев.
Бексултан Жакиевдей залкарды кыргыз журтчулугунан тааныбаган адам аз болсо керек. Анын кыргыз адабиятына, искусствосуна салымы өтө чоң. Жазуучунун калемине таандык ушул китеп – биз билгенден, кыргыз адабиятындагы түрк тилине которулган алгачкы пьесалар жыйнагы. Китеп Калмамат Куламшаевдин котормосу менен 2016-жылы ТҮРКСОЙ тарабынан жарык көргөн.
1.20. Köklerden Кanatlara Кadar (Тамырдан канаттарга чейин) – Кожогелди Култегин.
ТҮРКСОЙ түрк элдеринин маданиятына, адабиятына, тарыхына жана искусствосуна байланыштуу көптөгөн иш-чараларды аткарып, өткөрүп келүүдө. Кыргызстан менен байланыштуу иштердин координатору – акын Кожогелди Култегин. Ал жалпы пландагы иштерди ийгиликтүү аткаруу менен бирге өзүнүн чыгармачылыгын да улантып келүүдө. Ушул китептеги ырлардын көпчүлүк бөлүгү Түркияда жазылганы менен айырмаланат. Бул эмгек – акындын Түркияда жарык көргөн алгачкы ырлар китеби. ТҮРКСОЙ тарабынан 2018-жылы жарык көргөн.
1.21. Türk Dünyası Masalları Dizisi (Түрк дүйнөсүнөн жомоктор) – Мезгил Исатов.
Мезгил Исатов тарабынан даярдалып которулган кыргыз жомоктор китеби Түрк дүйнөсүнөн жомоктор сериясынын курамында, «Гендаш» басмасынан 2004-жылы басылып чыккан. Кыргызстан эркиндигин колуна алгандан кийин алгачкылардан болуп которулган китеп болуу менен айырмаланат.
1.22. Kırgız Masalları (Кыргыз жомоктору) – Зекерия Карадавут.
Кыргыз элинин элдик маданий байлыктарынын бири – элдик жомоктор. Бир нече жомоктон түркиянын эл жомоктору менен болгон окшоштуктарды тапса болот. Ушул китеп Зекерия Карадавут тарабынан даярдалып, «Көмен» басмаканасынан 2006-жылы жарык көргөн. Китепте кыргыздар, кыргыз жомоктору жөнүндө жалпы маалыматтар берилип, алардын өзгөчөлүктөрү, айтылуу ыкмалары, мазмундук өзгөчөлүктөрү, мотивдик түрлөрү боюнча бөлүнүшү тууралуу сөз болуп, мисал катары жомоктор берилген.
1.23. Kırgız Masalları ve Efsaneleri (Кыргыз жомоктору жана уламыштары)– Дмитрий Брудный, Касымбек Эшмамбетов.
Кыргыз адабияты уламыш жана жомокторго бай. Ушул китепте 87 жомок, 22 апендинин жоруктары, 41 уламыш орун алган. Кээ бир уламыштар жана жомоктордун бир нечеси түздөн-түз эл оозунан жыйналып алынганы жана биринчи жолу ушул китепте орун алышы менен айырмаланат. Кыргызстандын ушул түрдөгү эң көлөмдүү эмгеги деп бааланууда. Китептин котормочулары Женгиз Буяр жана Илмира Рагипова болуп, «Билге Күлтүр Санат» басмасынан жарык көргөн.
1.24. Kırgız Мasalları (Кыргыз жомоктору) – Ахмет Али Аслан, Акылай Арапова.
«Көмен» басмасынан жарык көргөн китепте, кыргыз элинин байыртадан келген маданий мурастарынын бири болгон жомоктордун айрымдарынын котормолору берилген. Кыргыз маданиятын Түркияда таанытуучу булактардын бири болгон китеп, Ахмет Али Аслан жана Акылай Арапова тарабынан которулуп, 2017-жылы жарык көргөн.
1.25. XX. Yüzyıl Kırgız Edebiyatı Tarihi (ХХ кылымдагы кыргыз адабияты тарыхы) – Качкынбай Артыкбаев.
Жазуучу ХХ кылымдагы кыргыз адабиятын ХХ кылымдын башындагы (1900-1917); Жаңы социализмге өтүү доорундагы кыргыз адабиятынын пайда болушу (1917-1940); 2-дүйнөлүк согуш жана андан кийинки доордун кыргыз адабияты (1941-1960); 1960-1980-жылдардын кыргыз адабияты; кайрадан түзүлүү жана капитализмге өтүү доорундагы кыргыз адабияты (1985-2000) деп бөлгөн. Эмгек адабият изилдөөчүлөргө, студенттерге арналган. Кыргыз адабиятын жана анын тарыхын үйрөнөйүн дегендер үчүн баа жеткис булак экенине шек жок. Китеп 2014-жылы Майрамгүл Дыйканбаеванын котормосунда «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн.
1.26. Çağdaş Kırgız Öyküsü (Заманбап кыргыз аңгемелери) – Хүсейин Су.
«Хеже» басмасы – бөлөк мамлекеттердин адабияттарына өзгөчө көңүл бөлгөн басмалардын бири. Ал атайын журнал сандарын даярдоо менен бирге эле, китептерди да басып келүүдө. «Хеже» басмасынан 2014-жылы жарык көргөн ушул китепте, «Хеже» журналына чыккан ар кайсы курактагы жазуучулардын калемдерине таандык аңгемелердин котормолору камтылган. Китептин даярдоочусу – Хүсейин Су. Ал эми чыгармаларды бир нече котормочу которуп чыккан.
1.27. Çağdaş Kırgız Hikayeleri Antolojisi (Заманбап кыргыз аңгемелери антологиясы) – Орхан Сөйлемез, Халит Ашлар.
Ушул антологияда совет доорундагы кыргыз жазуучулардын калеминен чыккан аңгемелерге орун берилген. Орхан Сөйлемез жана Халит Ашлар тарабынан которулган китеп «Салкымсөгүт» басмасынан 2009-жылы басылып чыккан. Котормочулар бир жылдары Бишкекте эмгектенип, кыргыз-түрк адабияттарына оозго алынарлык эмгектери менен салым кошуп келишкен.
1.28. Kırgız Edebiyatı – I (Кыргыз адабияты-1) – Сулайман Кайыпов.
Кыргыз адабиятын бардык жагынан таанытууга арналган ушул китеп Түркиянын Маданият министрлиги тарабынан энциклопедия түрүндө даярдалган. Долбоордун башчысы жана редактору – Невзат Көсеоглу. Жалпы кеңешчиси – проф. А. Бижан Эржиласун. Даярдаган – Проф. Сүлейман Кайыпов. Которгондор – Исмаил Туран Каллимжи, Абдулмукаддес Кутлу жана Калмамат Куламшаев. Китепте кыргыз адабиятынын жалпы тарыхына, бардык жанрлар боюнча эң биринчи өкүлүнөн, акыркы жылдары эл ичинде билине баштаган өкүлүнө чейинки көп сандагы адабиятчыга орун берилген.
1.29. Kırgızca-Türkçe Sözlük-2 Cilt (Кыргызча-түркчө сөздүк- II том).
Түркиялык окумуштуу жана изилдөөчү Экрем Арыкоглу – бөлөк тилдер менен кошо Кыргыз адабияты менен байланыштуу бир нече эмгектердин автору. Анын акыркы эмгеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенген жылдарда, Экрем Арыкоглу, Жылдыз Алимова, Рахат Аскарова жана Билге Каган Селчук тарабынан даярдалган «Кыргызча-түркчө сөздүк» болуп саналат. Эки томдон, 70.000 сөздөн турган сөздүк 2018-жылы «Бенгү» басмасынан жарык көргөн. Сөздүк кыргызча-түркчө сөздүктөрдүн арасынан эң акыркысы жана көлөмдүүсү болуу менен айырмаланат.
1.30. Tanrı Dağlarının Anadolu’daki İlk Profesör Kızı Gülzura Cumakunova (Теңир тоолордун Анатолиядагы алгачкы профессор кызы – Гүлзура Жумакунова)– Редакторлор: Абдрасул Исаков, Гүлдана Мурзакулова.
Китеп «Бенгү» басмаканасынан 2018-жылы басылып чыккан. Китепте Гүлзура Жумакунова жөнүндө макалалар, аны менен маек, ошондой эле кыргыз тили, адабияты, тарыхы жана фольклору тууралуу бөлөк тилдерде макалалар орун алган. Китептин редакторлору – Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.
1.31. Türkistan’da Büyük İsyan 1916 (Түркистанда чоң көтөрүлүш 1916) – Бактыбек Максутов.
Үркүн темасы Түркияда толук түрдө изилдөөчүлөрдүн жана адабиятчылардын назарына келе элек. Ал боюнча жазылган китептер али аздык кылат. Бирок ошол өксүгөн жагдайды толуктоого арналган эмгектер четинен жарык көрүп келүүдө. Алардын бири болгон ушул китеп, Бактыбек Максутовдун калемине таандык жана Ак падышанын 1910-1916-жылдарда Батыш Түркстандагы зулум саясатын документтердин негизинде чагылдырган. Аталган китеп жазуучу Бактыбек Максутовдун Түркияда ушул темада жарык көргөн экинчи китеби болуп саналат. Китеп 2018-жылы «Беңгү» басмаканасынан чыккан.
1.32. Kırgız Sözlüğü I-II (Кыргыз сөздүгү I-II)– К. К. Юдахин, Х. Карасаев.
Кыргыз сөздүгү кыргыз-түрк адабият жана тил билими багытындагы байланыштардын туңгуч үлгүсү болуу менен өзгөчө орунда турат. Бул сөздүктүн түп нускасы орус тилчиси К.К. Юдахин жана кыргыз тил аалымы Х. Карасаев тарабынан 1930-жылдарда даярдалып, кыргызча сөз жана терминдердин негизинде орусчага которулуп, кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча болуп Москвада жарык көргөн. Ал эми биз сөз кылган ушул сөздүк болсо, орусча нускасынын негизинде Абдуллах Таймас тарабынан кыргызча-түркчө болуп даярдалып, «Түрк тарых коому» тарабынан алгач 1945-жылы, андан кийин 1988-жылы басылып чыккан. СССР доорунда кыргыз адабиятынын ушул тунгуч сөздүгү узак жылдар бою Түркиялык илимпоздор пайдаланган бирден бир сөздүк болгон, ошондой эле кийинки сөздүк түзүүчүлөргө жол көрсөткүч болуп келген.
2. Түркчөгө которулуп Кыргызстанда жарык көргөн китептер
Ücretsiz ön izlemeyi tamamladınız.