Sadece Litres'te okuyun

Kitap dosya olarak indirilemez ancak uygulamamız üzerinden veya online olarak web sitemizden okunabilir.

Kitabı oku: «Türkiye'de Kırgız Araştırmaları», sayfa 3

Yazı tipi:

Изниктеги Кыргыздар күмбөзү61
Селда Калфазаде62
Которгон: Абдрасул Исаков

Кыргыздар күмбөзү Изниктеги Жаңы Шаар капкасынын (Yenişehir Kapısı) жанында, шаар сепилинин сыртында жайгашкан. Күмбөздүн жанында 1963-жылы жүргүзүлгөн казуу иштеринде63 Орхон Султан мечитинин курулуш жазуусу жана кээ бир калдыктары табылган. Кыргыздар күмбөзү боюнча жазылган эмгектерде күмбөз «Ажы Жамаса күмбөзү», «Рейхан күмбөзү» жана «Кырк кыздар күмбөзү» деген аттар менен белгилүү болсо да, эң көп «Кыргыздар күмбөзү» деген аты менен таанылган. Жазууда курулуш тарыхы көрсөтүлбөгөндүктөн качан жана ким тарабынан курдурулганы белгисиз. Ичиндеги мүрзөлөрдө да дата берилбегендиктен кимдер үчүн курулганы да белгисиз болгон бул күмбөздөр боюнча негизинен эки гипотеза айтылып келет. Биринчи гипотеза боюнча күмбөз Изниктин алынышында шейит болгондорго арналып салынган. «Кыргыздар» аты 1325-жылы курулган Изник алынганга чейин ордо аты катары колдонулуп келген Орхон Казы мечити менен байланышы бардай.64 Экинчи гипотеза боюнча Кыргыздар күмбөзү Орхон Казы мечитинде кызмат өтөгөн орто азиялык олуялардын күмбөзү болуп эсептелет.65

Эки гипотезанын бириккен жери, Баязыт Хан уулдары арасында такты талашы жүрүп, баш-аламандык өкүм сүрүп турган кезде жана Анадолунун алынышында Орто Азия калктарынын кошкон салымынын эске алыныш фактысы десек болот. Ушул пикир бизди туура жыйынтыкка алып барчудай. Анткени Осмон Дөөлөтүнүн курулушунда Орто Азиядан келген кыргыз, өзбек жана түркмөндөрдүн аябай чоң жардамы болгону белгилүү. Ал гана эмес XIV кылымдын биринчи чейрегине чейин Осмон Дөөлөтүндө алар өздөрүнүн уруу аттарын колдонушкан.66 Күмбөзгө «кыргыздар» атынын берилиши жогорудагы тарыхый маалыматтарга таянып түшүндүрүлөт. Күмбөздүн архитектуралык өзгөчөлүктөрүн изилдегенибизде ал жердин чынында эле XIV кылымдын биринчи чейрегинде курулганы анык болду. Күмбөздүн чептин сыртында, шаар борборунан узак, Орхон Казы мечитине жакын жерде жайгашуусу да күмбөздү аты аталган мечит менен бирге карап, жогорудагыдай дата беришибизге себепкер болду.

Азыркы учурда Изниктин маанилүү көркөм жайларынан бири болгон кыргыздар күмбөзү көптөгөн жылдар бою каралбай, ал турсун кээ бир жагымсыз кийлигишүүлөрдү да башынан өткөргөн соң, акыркы жылдарда кайрадан эски стилине ылайык реставрацияланды. Күмбөз чамгарактуу негизги имараттан, түндүк тарабы дубал менен бириккен, айбанча аркылуу сыртка чыккан аркалуу кире бериштен турат.

Күмбөз боюнча биринчи изилдөөлөр 1930-жылдарда башталган. Ал жылдарда күмбөздүн алды жагынын чыгыш дубалы гана ордунда эле. Ураган батыш дубалы менен алды жактагы айбанчанын бош калган жерине көрксүз дубал урулуп, күмбөздүн жыгылган чатырынын ордуна жыгачтан түз чатыр жасалып, кириш жагынын орто жерине төрт бурч эшик коюлган.67

Киришинде мурун бир бешик арканын болгонун чамгарактуу имараттын түндүк тарабындагы дубалда көрүлгөн кемерден калган издерден байкасак болот.68 Азыр эски стилине ылайыкташтырылып, кайрадан реставрацияланган кириш бөлүмүнөн эки тарапка чыгып турган бурчтардын ортосундагы тегерек арка аркылуу сыртка чыгылат. Айбанча бешик сымал үкөкчө бөлүм аркылуу курулган. Бышкан кыштан жаа сымал жасалган кемер аркылуу тышка ачылган кириш бөлүгүнүн каптал жагынан чыгып турган калкан дубалдарынын бешик арканы тоскудай бийик болушу күмбөздү сөөлөттүү көрсөтөт.

Күмбөздөгү чамгарактуу негизги имараттын чыгыш жана батыш дубалдарынын асты жана үстү жагында бири-бирине тушташ жарым айлана түрүндөгү терезелер, түштүк тарабында болсо, үстү жагында гана жалгыз терезе бар. Түндүк тарабындагы дубалда жайгашкан эшиктин үстүндө бир терезе жайгашкан. Имараттын дубалы үч катар урчук таштардын жана эки катар кыштан кезектешип өзгөчө курулган. Бул дубалдын кыналышынан көп сандагы жөнөкөй жана оймолуу мармар бөлүктөрүн көрүүгө болот. Дубалдын согулуш ыкмасы алгачкы Осмон доору архитектурасынын өзгөчөлүктөрүн толугу менен көрсөтүп турат. Буга чейин жасалган оңдоо иштери күмбөздүн кээ бир жерлериндеги өзгөрүүлөргө себеп болгон. Булардан бири чамгарактуу негизги бөлүмдүн дубалдарынын үстүнөн коюлган кирпи чачы өрүмүнүн урчук таштар кошумчаланып узатылганы болсо, экинчиси ичтен тегерек, тыштан он эки кырдуу көрүнгөн казанак бөлүмүнүн көтөрүлгөнү десек болот.

Акыркы учурда дубалдардын баары кайрадан реставрацияланып, мурдагы начар жана көрксүз кошумчалар оңдолгону менен, көңүл коюп караганда, бул бузулган жерлердин калдыктарын (издерин) көрүүгө болот. Казанактын көтөрүлүшү күмбөздүн чамгарак формасынын өзгөрүүгө учурап, имараттын жапыз көрүнүшүнө себеп болгон. Бул абал күмбөздүн алгачкы көрүнүшүнүн өзгөрүшүнө себеп болгон. Имараттын чатырынын чамгарак эмес пирамида түрүндө,69 же болбосо конус70-калпак түрүндө болгонун айткан илимпоздор да бар. Бирок күмбөздүн жаңыланган азыркы абалынан мурун мындай экенин тастыктай турган далилдерди көрө албайбыз. Буга чейин күмбөздү изилдеген А. С. Үлген, К. Отто-Дорн, О. Асланапа жана Е. Х. Айверди сыяктуу илимпоздор күмбөздүн чатырынын чамгарак түрүндө болгону шексиз деп эсептешет71.

Күмбөздүн он эки кырдуу казанагы ошол доордо колдонулган түрдөн. Орхон Казы дооруна тиешелүү имараттардан Изник Ажы Өзбек мечити жана XIV кылымда тургузулган Изник жашыл мечитинин казанактары да ушундай. Казанакта төрт бурчтуу төрт терезе жайгашкан. Чамгарактын үстү азыр черепица менен жаңыланып жабылды. Күмбөздүн оргиналында да чамгарактын атайын даярдалган черепицалар менен жабылганын.72 Чамгарактуу бөлүмгө аркалуу кириштен кирилет. Кириште алты жаңы мүрзө бар. Имараттын негизги бөлүмүнө Византия стилиндеги таяк моюнтуруктуу, төрт бурчтуу мармар эшиктен кирилет. Ичинде төрт бурчтуу жерден сүйрү аркалуу бурч чамгарактар менен сегиз бурч чамгарактуу арка биригип, ортосу туюк аркалар менен сегиз аркалуу бир система жасалган. Чамгарак сегиз бурчтуу пьедесталдан үч бурчка айландырылган тeгерек негиз үстүнө жайгаштырылган. Чамгарак башталган жерде туюк кемерлүү терезелер, алкак бөлүмүндө болсо, төрт бурчтуу төрт терезе коюлган. Чыгыш жана батыш дубалдарында бири-бирине тушташ тегерек кемерлүү кең терезелерден жарык түшүп турган бөлүмдүн түштүк дубалында михрап73 катары колдонулган төрт бурчтуу узун бир нища, чыгыш дубалынын түштүк учунда болсо, мүрзөгө орун табыш үчүн кийинчерээк казылганы белгилүү жарым айлана түрүндөгү бир нища бар.

Имараттын ичинин эң маанилүү жасалга өзгөчөлүгү өткөөл бөлүктүн үстүндө терезелердин айланасында, казанактагы терезелердин үстүндө жана чамгарактын ортосу менен этегинде калем менен сызылган кооздуктар болуп эсептелет.

Күмбөз боюнча маалыматтар берген эски китептерде алкак терезелеринде пальма, чамгарак ортосунда жылдыз белгиси коюлган кооздуктардан сөз кылынат жана көбүнчө жогорку жактагы аркалуу терезелердин чиймелерине токтолушат.74 Бүгүнкү күндө жогору жактагы аркалуу терезелердин чиймелеринин бир аз бөлүгү гана сакталып калган. Башка жерлердегилери толугу менен жок болгон калем менен кооздолгон чиймелер XIV кылымдын биринчи жарымына тиешелүү деп саналат.75 Булар Осмон жасалга өнөрүнүн алгачкы дооруна тиешелүү өрнөктөр катары кабыл алынат.76 Ошондон улам да абдан маанилүү деп эсептелет. Реставрация учурунда сакталып калган калдыктарга карап калыбына келтирилген калем менен тартылган кооздуктар ар терезеде ар башка композицияга ээ. Чырмалышкан «руми» делген эки бөлөк оюунун, устун жана устун башы менен «хатайи» деген бутактар жана түрдүү ваза формалары түшүрүлгөн эки башка оюунун да түстөрү кара, кызыл, сары жана жашыл. Селчук жана Осмон искусствосунун алгачкы дооруна тиешелүү «руми» жана «хатайи» калем кооздоо мотивдери менен бирге устун, антик устун башы сыяктуу түрк искусствосуна жат мотивдердин болушу изилдөөчүлөр арасында кыйла кызыгуу жараткан.

Бул Византия таасиринен кутула элек өткөөл доордун табигый жыйынтыгы болушу ыктымал. Балким кээ бир илимпоздор77 белгилеп кеткендей, имараттын курулушуна катышкан византиялык усталардын өнөрлөрү да болушу мүмкүн. Азыркы учурда чамгарактуу бөлүмдө жети, кириш бөлүмүндө бирдей чоңдуктагы алты сандука (табыт коюлган жайлар) бар. Булар жакынкы эле учурда бул жерге коюлганы көрүнүп турат. Эскиден чамгарактуу бөлүмдө жети чоң, бир кичине (наристе) табыт менен ар кыл көлөмдөгү сегиз мүрзө, кириш бөлүмүндө алты (кээ бир китептерде үч) кароосуз мүрзө бар экени жана мынчалык көп мүрзөнүн болушуна караганда күмбөз ээсинин таасирдүү бирөө болгонун изилдөөчүлөр жазып кетишкен.78 Бул материалдардын баарынан чыгарыла турган жалпылык – мурунтан эле мүрзөлөрдүн эч бирине дата коюлбаганы жана жасалгаларынын болбогону. Мүрзө санынын ар кыл көрсөтүлүшү болсо, күмбөз кароосуз калган учурда мүрзөлөрдүн жоголуп же жаңыланып турганынан улам болсо керек.

Кыргыздар күмбөзү курулуш жазуусу болбогонуна карабастан архитектуралык өзгөчөлүктөрү жана дубал стили менен Осмон Империясынын алгачкы дооруна тиешелүү мимарлыктын анык үлгүсүн ташыйт. Күмбөздүн негизги өзгөчөлүктөрүнөн бири кириш бөлүмүнүн айбанча түрүндө болушу десек болот. Айбанча өзүнчө бир бөлүм катары чамгарактуу негизги бөлүм менен биригип турат. Күмбөздүн киришинин айбанча түрүндө болушу, XIII-XIV кылымдарда Анадолуда учуратылган негизги бөлүм жалгыз айбанча аркылуу сыртка ачылган «айбанча күмбөздөрдөн»79да, кириши айбанча сыяктуу кенен аркасы болгон Анадолу бектиктери доору архитектурасынан, тагыраак айтканда, Гермияногулдары, Айдыногулдары, Саруханогулдары жана Ментешеогулдары сыяктуу Батыш Анадолу бектиктеринде учуратылган жалгыз көлөмдүү күмбөздөрдөн80 да айырмаланып турат. Анадолу аймагында алды жагы айбанча түрүндөгү күмбөздөрдү XIII кылымдан тарта учуратууга болот.

Булар классификацияланганда бир группанын ичине кирген менен негизги бөлүмү жана айбанчасынын түзүлүшү, айбанча менен негизги бөлүмдүн туташкан жери, жалпы көрүнүшү, өлчөмү, чатырча системасы жана көлөмү боюнча Кыргыздар күмбөзүнөн аябай айырмаланып турушат. Мындай күмбөздөр Анадолудан сырткары Селчук доорунда Хорасан жана Дехистан аймагында жана XI-XII кылымда Орто Азияда учураган. Бул имараттарда төрт бурч, цилиндр же болбосо көп бурчтуу негизги бөлүмдүн киришине айбанча сыяктуу жайлар бириктирилип жасалган. Улуу Түрк Кагандыгына тиешелүү Пенжикенттеги күмбөздөрдүн асты жагында айбанча сыяктуу сыртка чыгып турган босоголорунун болгону кызыгуу жаратат. Чыгыш жери Орто Азия экени белгилүү болгон жана «прототип» катары көрүлгөн ошол аймактагы эң эски имарат урандыларында колдонулган бул план түрү Осмон доорунда көп жайылбаганы менен күмбөздөрдө колдонулганы белгилүү.

Мындай имараттардын бири, Кыргыздар күмбөзү менен жашташ, кириш бөлүмүндө айбанчасы болгон Бурса Мустафа Кемал Пашадагы Лала Шахин Паша күмбөзү81 десек болот. Изникте курулган, бирок азыркыга чейин сакталып калбаган Ажы Хамза мечити,82 сүрөттөрүнөн көрүнүп тургандай, айбанчасы бар кириш бөлүмү кенен, сырткы көрүнүшү да Кыргыздар күмбөзү менен байланышы бар экени далилдеген бир үлгү катары маанилүү. Кириш бөлүмү айбанчалуу 1450-жылы курулган Бурса Абдал Мехмед күмбөзү83 кийинчерээк курулганы менен имараттын негизги бөлүмүнүн чамгарактуу болушу, айбанчалуу кириши жана курулуш комплексинин окшоштуктары боюнча Кыргыздар күмбөзү менен салыштырылса боло турган күмбөздөрдөн бири. Бурса Абдал Мехмед күмбөзүнүн чамгарагы жапыз, устундары да кыска, кириштеги айбанчасы Кыргыздар күмбөзүнө салыштырмалуу аябай эле тар, жапыз жана терең эмес. Кыргыздар күмбөзүндө айбанча жандарына чыгып турат. Бул жерде болсо, андай нерсе жок. Эки күмбөздүн айбанчалуу кириши менен негизги чамгарактуу бөлүмдөрүнүн бириккен жерлери бирдей. Албетте, бул жерде Кыргыздар күмбөзүнө кийинчерээк кээ бир кошумчалардын жасалганын, дубалдары менен устундарынын бийиктетилип, мунун натыйжасында чамгарактын жапыз көрүнүп калганын да эсепке алуу керек. Кыргыздар күмбөзүнүн айбанчасы кенен, аркасы тегерек. Бурса Абдал Мехмед күмбөзүнүн айбанчасы тар, аркасы болсо сүйрү жасалган.

Кыргыздар күмбөзүнүн дубалы архаикалык мүнөзгө ээ болуп таш, кыштардын аралаш колдонулушу – Осмон Империясынын алгачкы дооруна тиешелүү өзгөчөлүк. Устундардын бийик, терезе аркаларынын тегерек формада, устун терезелеринин жыгачтан болушу да Осмон Империясынын алгачкы дооруна тиешелүү экенин далилдеп турат десек болот.84 Күмбөздөгү төрт бурч дубалдан чамгаракка өтүү, чамгарактын бурчтары, булардын ортолорундагы арка тизмегинин сегиз бурч аркылуу бири-бирине туташтырылыш системасын XIV кылымдагы Осмон Империясынын алгачкы доорундагы жана ошол эле доордогу бектиктердин имараттарында да колдонулганын көрүүгө болот.

Кыргыздар күмбөзүнүн кенен аркасы жана калкан дубал сымал көтөрүлгөн чекелери чыгып турган кириш бөлүмүнүн дизайнынан Орто Азия түрк архитектурасынын издерин учуратабыз. Өзгөчө, айбанча стилинде даярдалган арка тараптагы имарат бөлүгүн көрсөтпөй турганчалык бийик эшиктер Орто Азия архитектурасында кеңири колдонулган. Анчалык чоң эмес күмбөздөрдө деле бул эшиктердин жаңыланып, ар дайым алдыңкы планга чыгарылганын көрөбүз. Кыргыздар күмбөзү менен бул күмбөздөр ортосундагы окшоштук – сөөлөттүү жана комплекстин жалпысына эгемен бир кириш пикирине басым жасалганы десек болот. Кыргыздар күмбөзүнүн кириш бөлүмүндө эшиктин ордуна айбанчанын болушу жогоруда сөз кылынган мисалдардан айырмалануу менен бирге, чакан күмбөздөрдө айбанча аркылуу берилген таасир Орто Азия курулуштарында эшик аркылуу берилген күчтүү таасирге окшошконун белгилей кетүү керек.

Жыйынтыктап айта турган болсок, Осмон Империясынын алгачкы дооруна тиешелүү деп эсептелген Кыргыздар күмбөзү, өткөөл доордогу бардык курулуштар сыяктуу эле XİV кылымдагы Анадолунун ар кошкон чөйрөсүндөгү түрдүү таасирлерди өз ичине камтыган имарат. Ушундан улам имаратты жалпы жонунан баалап караганыбызда жалгыз бир текке тиешелүү кылып көрсөтүү кыйын. XİV кылымдагы Осмон жана Анадолу бектиктеринин архитектурасында Орто Азия архитектурасынын таасири күчтүү сезилип турат.

Бул жерде моңгол жапырыгынан кийин Орто Азиядан Анадолуга көчүп келген кыргыз, түркмөн, өзбек сыяктуу түрк урууларынын түздөн түз ролу жана таасири бар. Анадолуга көчүп келген бул кишилердин арасында колунан иш келген, билимдүү, окумуштуу, өнөрпоз кишилер да болгон. Булар бир гана жихат (казат) кылышпай, жаңы жерлеринде тажрыйбаларын, эмгектерин жумшашып, курулуш иштерине жана өндүрүшкө чоң салым кошушкан.

Кыргыздар күмбөзү Орто Азия маданияты менен Анадолу маданиятынын жуурулушкан доорунда, Осмон Бектигинде көптөгөн курулуштар курулган Орхон Казы заманында курулган бир имарат болуп эсептелет. Азыркы учурдагы аты аркылуу өткөн тарыхыбыз менен руханий байланыш курушубузга себеп болгон Кыргыздар күмбөзү кыргыз-түрк достугун байыркыдан күнүбүзгө ташыган, анын символу болгон бир эстелик катары өзгөчө баалуулукка ээ. Кыргыздар күмбөзүнүн бир маданий мурас катары келечек муундарга өткөрүлүп берилиши үчүн эң чоң салымды түрк жана кыргыз калктары биргелешип жасайт деген ишеничтемин.

Пайдаланылган адабияттар

ASLANAPA, Oktay, “İznik’te Sultan Orhan İmâret Kazısı”, Sanat Tarihi Yıllığı, I, İstanbul 1965-65. s. 16-31.

ASLANAPA, Oktay, Yüzyıllar Boyunca Türk Sanatı (14. yüzyıl), İstanbul 1977.

AYVERDİ, Hakkı Ekrem, “Orhan Gazi Devrinde Mi’mâri”, Yıllık Araştırmalar Dergisi, I, Ankara 1957, s. 115-197.

AYVERDİ, Hakkı Ekrem, Osmanlı Mi’marisinin İlk Devri, İstanbul 1966.

DAŞ, Ertan, Erken Dönem Osmanlı Türbeleri, İstanbul 2007.

DEMİRİZ, Yıldız, Erken Osmanlı Mimarisinde Süsleme, İstanbul 1979.

EYİCE, Semavi, “İznik”, Sanat Tarihi Araştırmaları Dergisi, 1, İstanbul 1987, s. 65-116.

GOODWIN, Godfrey, Osmanlı Mimarlığı Tarihi, (Orijinal baskı London 1971) İstanbul 2012.

KALFAZADE, Selda, “Kırgızlar Türbesi”, Türkiye Diyanet Vakfı İslam Ansiklopedisi, c. 25, Ankara 2002, s. 445-446.

OTTO-DORN, Katharina, DasIslamische İznik, Berlin 1941.

ÖTÜKEN, Yıldız ve diğerleri, Türkiye’de Vakıf Abideler ve Diğerleri, IV, Ankara 1986.

SÖZEN, Metin, “Anadolu’da Eyvan Tipi Türbeler”, Anadolu Sanatı Araştırmaları, I, İstanbul 1968, s. 167-209.

TUNCER, Cezmi Orhan, Anadolu Kümbetleri 2 – Beylikler ve Osmanlı Dönemi, Ankara 1991.

Türkiye’de Vakıf Abideler ve Eserleri, III, Bursa İl Merkezi, Ankara 1983.

ÜLGEN, Saim Ali, “İznik’te Türk Eserleri”, Vakıflar Dergisi, I, Ankara 1938, s. 53-69.

Түрк тарыхнаамасындагы кыргыз тарыхын изилдеген эмгектер (1991-2018-жылдар)
Лейла Дервиш85

Аннотация

Советтер Союзу кулагандан кийин Түркия менен Кыргызстандын ортосунда тыгыз карым-катнаш түзүлүп, Түркияда кыргыз тарыхы, тили, маданияты боюнча илимий изилдөөлөрдүн жана котормолордун саны кескин өскөн. Макалада Түркия Республикасында 1991-2018-жылдар аралыгында кыргыз тарыхы тууралуу жазылып, басылып чыккан эмгектер жана кыргыз тарыхы темасындагы котормолор тууралуу сөз болот.

Ачкыч сөздөр: Түркия, Кыргызстан, кыргыз тарыхы, түрк тарыхчылары

Studies on the History of Kyrgyz in Turkish History (1991-2018 Years)

Abstract

After the breakup of the Soviet Union Turkey-Kyrgyzstan relations have developed, the number of scientific research on Kyrgyz history, language and culture, and translation has increased rapidly in Turkey. This article discusses the works written and translated works on Kyrgyz history between 1991-2018 in Turkey.

Keywords: Turkey, Kyrgyzstan, The History of the Kyrgyz people, Turkish historians

Алгы сөз

Библиографиялык изилдөөлөргө караганда, Түркияда кыргыздар боюнча макалалар Осмон доорунун аяк ченинде жарыялана баштаган. 1910-жылы Абдүлкадир Инандын калемине таандык «Кыргыз бозкырларынан (Kırgız sahralarından- Aus den Kirgisischen Steppen)» аттуу макала Стамбул шаарындагы «Таарифүл Мүслимин» деген журналдын 12-санында жарык көргөн.86 Көпчүлүккө маалым болгондой эле, Абдүлкадир Инан (29.10.1889-26.07.1976) түрк калктарынын фольклору, диндери, тарыхы, филологиясы, адабияты жб. боюнча 350дөн ашуун илимий эмгек жазган белгилүү башкырт илимпозу болгон. Анын гезит-журналдарда басылып чыккан эң алгачкы 3 макаласынын бири, «Кыргыз бозкырларынан (Kırgız sahralarından- Aus den Kirgisischen Steppen)» болуп саналат.87 Аталган макала алгач Оренбург шаарындагы «Вакит» газетасында жарык көргөн. Стамбулдагы «Таарифүл Мүслимин» журналында анын кыскартылган варианты басылып чыккан. Хикмет Танйунун берген маалыматына караганда, Инан аталган макаласында казак-кыргыздар түшүмдү көп берүүчү жерлерге жайгашып, шаарчалар курушу керек деген пикирди айткан.88

1922-1925-жылдары Али Рыза Сейфиоглу деген автор «Түрк йурду» журналынын 11-15-сандарында кыргыздар боюнча маалыматтарды камтыган макалаларды жарыялаган.89 Ушул эле жылдарда Хилми Зийа (Үлкен) өзүнүн санаалаштары менен биргеликте чыгарган «Михраб» жана «Анадолу межмуасы» деген журналдарына кыргыздар боюнча бирден макала жазган.90 Ал макалалар белгилүү түрк илимпозу жана философу Хилми Зийа (Үлкен)дин (1901-1974) илим жолундагы алгачкы макалаларынан болгон десек жаңылышпайбыз. Айше Тепебашынын берген маалыматына караганда, «Кыргыздар» аттуу макала Хилми Зийа (Үлкен) дин «Михраб» журналында тарых темасында жазган биринчи макаласы болгон. Ал макалада автор кыргыздардын канчанчы кылымдан бери кайсыл жерлерде жашаганын жана алардын тегин баяндап берген.91

1925-жылы венгр илимпозу Лаош Лигетинин «Кыргыз уруу атынын келип чыгышы» деген маанилүү макаласынын осмон тилиндеги котормосу (Kırgız Kavim İsminin Menşei) Стамбул университетинин «Түркият Межмуасы» журналында жарык көргөн.92 Стамбул университетинин аталган журналынын 1928-жылкы томунда болсо, өз доорунун алдыңкы илимпозу Нежип Асым Языксыздын «Кыргыз» сөзүнүн этимологиясы тууралуу» деген макаласы басылып чыккан.93 Аталган макала Абдрасул Исаков тарабынан 2017-жылы кыргызчага которулуп басылып чыккан. Ушул котормонун алгы сөзүндө Исаков Языксыз менен Лигетинин «Түркият Межмуасы» журналында жарыяланган макалалары боюнча төмөнкүлөрдү айткан: «Лигетинин бул макаласы, деги эле анын «кыргыз» этимологиясы боюнча пикирлери кыргызстандык илимпоздор тарабынан маалым болгону менен Нежип Асымдын ушул эле теманын алкагындагы пикирлери тилекке каршы, Кыргызстанда азыркы күнгө чейин тааныла элек. Аталган эки макала Стамбул университетинин «Түркият межмуасы» журналынын алгачкы сандарында басылган. Түркияда энциклопедияларда чыккан макалаларды эске албаганда, акыркы 20 жылга чейин «кыргыз» термининин этимологиясы боюнча Лигети менен Языксыздын макалаларынан башка мыкты макала чыккан эмес».94 Мен да ушул пикирге кошуларымды баса белгилей кетейин.

Түркияда 1960-жылга чейин кыргыздар жана Кыргызстан тарыхы боюнча жыл сайын онго жетпеген эмгек жарыяланып турса, 1960-1970-жылдар аралыгында аталган эмгектердин санында өсүш болгон. Бирок, жалпысынан алганда, Осмон доорунун соңунан баштап 1991-жылга чейин, Түркияда кыргыздар жана кыргыз тарыхы боюнча көлөмдүү эмгектер жана атайын монографиялар жазылган эмес.

Айпери Моңолдор кызынын темага байланыштуу диссертациясында баса белгиленгендей эле, 1923-жылдан 1990-жылга чейинки мезгил «кыргыз эли Россия империясынын кол алдында болуп, анын оторчул саясатын башынан кечирген кыйын учур болгон. Түркия Республикасы болсо жаңыдан түптөлүп, ушул мезгилден тарта түрк дүйнөсүндөгү элдердин тарыхына, тилине, адабиятына болгон кызыгуу жана изилдөө иштери Мустафа Кемаль Ататүрктүн демилгеси менен ишке ашырыла баштаган. Бирок бул мезгилде изилдөө иштери колго алынганы менен кыргыз-түрк мамилелери узун замандар бою бөлүнгөн абалда өнүгүшүнөн улам жеткиликтүү изилденбей келген. … Бул мезгил аралыгында Түркияда кыргыздар тууралуу изилдөөлөрдө «Манас» эпосу, кыргыз элинин этнографиясы, саякатнаамаларда кыргыздардын жашоо-турмушунун чагылдырылышы тууралуу маалыматтар басымдуулук кылган…».95

1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүккө эгедер болуп, боордошу Түркия Республикасы менен тыгыз мамиле түзө баштагандан тартып, Түркия илим дүйнөсүнүн жана коомчулугунун Кыргызстанга болгон кызыгуусу өскөн. Ушунун натыйжасында Түркияда кыргыздар жана кыргыз тарыхы тууралуу илимий эмгектердин санында өсүш болгон. Кыргыз тарыхы боюнча атайын китеп жана монографиялар жазыла баштаган. Бул макалада дал ушундай китептер жана китеп котормолору тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Түрк тарыхнаамасында 1991 -2018-жылдар аралыгында кыргыз тарыхын изилдеген эмгектер тууралуу сөз

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Түркияда Проф. Д-р. Мехмет Сарай кыргыз тарыхы боюнча китеп даярдаган. Мехмет Сарай кыргыз тарыхы боюнча жалпы жонунан эки китеп жарыялаган.96 Анын китептеринде кыргыз тарыхынын эски доорлордон бүгүнкү доорго чейинки тарыхы кыскача берилген. Сарай 2004-жылы жарык көргөн «Модерн Кыргызстандын жаралышы» аттуу китебинин аягына Кыргызстан-Түркия мамилелеринин тарыхын кошкон.97 Мехмет Сарайдын аталган китеби Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен басып чыгарылган.

ТИКА Түркиянын Советтер союзу кулагандан кийин эгемендүүлүккө жеткен түрк тектүү мамлекеттер менен тыгыз кызматташтык түзүү жана аларга көмөк көрсөтүү максатынын негизинде 1992-жылы түзүлгөн эле.98 ТИКА 1995-жылы кыргыз тарыхы боюнча чакан китепче жарыялаган.99 Китепчеде Кыргызстан боюнча жалпы маалыматтар камтылган.

1996-жылы Михаил Фрунзенин Түркияга байланыштуу эскерүүлѳрү Ахмет Экеш тарабынан которулуп жарыяланган.100 Михаил Фрунзе Пишпекте туулуп өскөн революционер эмеспи. Фрунзе Түркияда украиналык революционер катары белгилүү. Михаил Фрунзенин ѳмүр баянын изилдеген кыргыз тарыхчылары альтернативалык булак катары Түркиядагы Фрунзе боюнча изилдѳѳлѳргѳ кѳз жүгүртүшсѳ болот.101 Баса, Стамбулдун чок ортосунда жайгашкан «Таксим» аянтындагы эстеликте Ататүрктүн жанында турган аскер башчыларынын бири Михаил Фрунзе болуп саналат.

2000-жылы Анкара университетинин профессору Саадеттин Ягмур Гѳмечтин «Кыргыз тарыхы» аттуу эмгеги «Акчаг» басмаканасында жарыяланган.102 Китепте Хун доорунан эгемендүүлүк жылдарына чейинки кыргыз тарыхы кыскача баяндалган. Аты аталган эмгек кийинчерээк «Берикан» басмаканасы тарабынан да басылып чыккан.103 Гѳмечтин тѳрт жолу кайра басылган «Кыргыз тарыхы» китеби, Түркияда кыргыз тарыхы боюнча эң кѳп сатылган эмгек болуп эсептелет. Агайдын расмий баракчасында аталган эмгектин 2016-жылы Тебриз шаарында арапча тамгалар менен жарык көргөнү билдирилген.104

Ош мамлекеттик университинин Теология факультетинде иштешкен түрк мугалимдер 2000-жылдарда кыргыз тарыхына кошумча булак катары колдонула турган китептерди жарыялашкан. Проф. Д-р. Сейфеттин Эршахиндин 1999- жылы жарыялаган китеби кыргыздардын исламды кабыл алышын иликтесе,105 Проф. Д-р. Мустафа Эрдемдин китеби кыргыздардын социалдык-тарыхый абалын жакшы чагылдырып берген.106 Ал китептер Түркияда кыргыз тарыхы боюнча изилдѳѳ жүргүзгѳндөр тарабынан сѳзсүз окулган китептердин катарына кирген.

2000-жылы Фейзуллах Будактын «Кыргызстандын өтмүшү, бүгүнү, келечеги (Kırgızistan: Dünü, Bugünü, Yarını)» аттуу китеби жарык көргөн.107

2001-жылы кыргыз илимпозу Абдылдажан Акматалиевдин «Кыргыз фольклору жана тарыхый каармандар» аттуу китебинин түркчө котормосу «Ататүрк маданий борбору» тарабынан басып чыгарылган.108 Китепте кыргыз тарыхый каармандары боюнча маалыматтар камтылган. Ошол эле жылы аты аталган мекеме Четин Жумагуловдун Оштогу эпиграфикалар боюнча эмгегин жарыялаган.109 Бул эки китепти тең түрк тилине Калмамат Куламшаев которгон.

Кийинки жылы Василий Бартольддун кыргыздар боюнча жазгандары Уфук Дениз Ашчы тарабынан которулуп, Кония шаарында ѳзүнчѳ китеп болуп жарык көргөн.110 Бул эмгектин Кония шаарында басылганын баса белгилегенибиздин себеби, Түркияда китептер негизинен Стамбул, Анкара жана Измир шаарларында жарыяланат жана Түркиянын башка шаарларында китептер сейрек басылат. Бартольддун эмгегин жарыялаган «Кѳмен» басмаканасы 2018-жылы Белек Солтоноевдин «Кыргыз тарыхы» деген эмгегин эки том кылып жарыялаган.111 Солтоноевдин эмгеги Ататүрк университетинин доценти Майрамгүл Дыйканбаева тарабынан түрк тилине которулган.

2003-жылы Аскар Акаевдин «Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана Манас» китеби Стамбул шаарында түрк тилинде жарыяланган. Китепти Салиха Ибрагимова, Эргешбай Рахманов жана Тугба Шимшек орус тилинен которушкан.112 Ушул эле жылы түрк окумуштуусу Октай Беллинин Кыргызстандагы балбал таштар боюнча китеби басылып чыккан.113 «Археология жана искусство» басмаканасынан чыккан китепте кыргыз тарыхы боюнча баалуу маалыматтар камтылган. Кийинчерээк бул темада Сервет Сомунжуоглунун «Саймалуу таш. Асман аргымактары (Saymalıtaş Gökyüzü Atları)» аттуу китеби жарыяланган.114

2005-жылы Шурубү Ураимованын «Манас эпосундагы тарыхый катмарлар (Manas Destanı’nın Tarihi Tabakaları)» аттуу эмгеги жарык кѳргѳн.115 Бул монография Ураимованын 2001-жылы Эге университетинде жактаган доктордук (PhD) диссертациясынын китепке айландырылган варианты болуп эсептелет.

2006-жылы Үчлер Орхон Булдуктун Кокон хандыгы боюнча маанилүү китеби басылып чыккан.116 Негизи Кокон хандыгы боюнча Түркияда жарыяланган китептердин саны кѳп эмес. 2016-жылы Динчер Коч орус булактарына таянып хандык боюнча ѳзүнүн эмгегин жарыялаган.117

Кыргызстанда кандидаттык диссертациясын жактап келген тарыхчы Мустафа Калкан 2006-жылы диссертациясын түрк тилинде китеп кылып жарыялаган. Стамбулдагы «Селенге» басмаканасында басылган китеп, кыргыз тарыхындагы казак-кыргыз мамилелерин мыкты чагылдырган илимий эмгек болуп эсептелет.118 Мустафа Калкан белгилүү кыргыз тарыхчысы Ѳмүркул Караевдин «Түрктѳр жана каганаттары» китебин 2008-жылы түрк тилине которуп бастырган.119 Бул китеп байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздар жана Кыргызстан тарыхы боюнча Түркияда жарыяланган эң маанилүү эмгектердин бири болуп калды.

Мустафа Калкан сыяктуу Проф. Д-р. Анвар Мокеевдин жетекчилиги алдында кыргыз-кыпчак мамилелери боюнча Кыргызстанда кандидаттык диссертациясын коргогон тарыхчы Мехмет Кылдыроглу дагы ѳзүнүн диссертациясын 2013-жылы түрк тилинде Анкара шаарында жарыялаган.120 Кылдыроглунун бул баалуу эмгеги «Түрк тарых коомунун» басмаканасынан басылып чыккан.

2007-жылы Виктор жана Ирина Бутанаевдердин Енисей кыргыздары боюнча китеби Стамбулда жарыяланган.121 Китепти кыргыз тилинен түрк тилине Яшар Гүмүш которгон. Аталган эмгек Енисей кыргыздары боюнча түрк тилинде жарыяланган алгачкы эмгектерден бири болуп эсептелет.

2011-жылы тарыхчы Эбубекир Гүнгѳр Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде жазган магистрдик диссертациясын Стамбул шаарында китеп түрүндө жарыялаган.122 2013-жылы Гүнгѳрдүн Ишенаалы Арабаев боюнча даярдаган китеби жарык көргөн.123 Гүнгѳрдүн Арабаев боюнча эмгеги анын Акдениз университетинде 2013-жылы коргогон доктордук (PhD) диссертациясынын китеп варианты болуп эсептелет. Эбубекир Гүнгѳр кыргыз тарыхы боюнча изилдѳѳлѳрүн улантып, 2018-жылы Кыргызстандагы Сталиндик репрессия тууралуу китебин жарыялаган.124

2012-жылы социолог Адем Сагыр Памирден Түркиянын чыгышына келип жайгашкан кыргыздар жана Батумиден Кыргызстанга сүрүлгѳн ахыскалар боюнча эки башка китеп жазып чыгарган.125 Памир кыргыздары жана Кыргызстанга Сталин тарабынан кѳчүрүлгѳн кавказдыктар, деги эле кыргыздардын жана Кыргызстандын кѳч темасын изилдеген илимпоздор Адем Сагырдын китептерин карап чыгышы керек.

Мындан сырткары Памир кыргыздары боюнча Түркияда 2014-жылы «Түрк дүйнѳсү муниципалитеттери биримдиги» тарабынан эки китеп басылып чыккан. Баяс Турал менен Айымкан Жаманкулова126 жана Малик Кутлу менен Бернард Репонд127 тарабынан даярдалган бул китептердин ѳзгѳчѳлүгү, китептердин Улупамирдик кыргыз илимпоздордун кѳмѳгү менен жарыяланганы болуп эсептелет.

2013-жылы Турдубек Шейшекановдун «Үркүн» темасы боюнча жазган китеби түрк тилинде жарыяланган.128 Аты аталган китеп адабий чыгармаларды эсепке албасак, «Үркүн» боюнча түрк тилинде чыккан кыргыздардын жалгыз эмгеги болуп эсептелет.

2014-жылы Тамара Кабылбекованын кыргыздардын социалдык, маданий абалы тууралуу китеби жарыяланган.129 Автордун Анкара университетинде коргогон магистрдик жана доктордук (PhD) диссертациялары кыргыздардын XVI-XVII жана XX кылымдардагы маданий, социалдык абалдары тууралуу жазылган.130

2015-жылы Анкара шаарында Түндүк Кипрдик саясатчы Эрхан Арыклынын кыргыз тарыхы боюнча китеби жарыяланган.131 Эрхан Арыклы китебинде кыргыз тарыхын жалпы түрк тарыхынын ичинде чагылдырганга аракет кылган.

2016-жылы Карутц Рихарддын саякатнаамасынын бир бөлүмү «Мангышлактагы түркмѳндѳр жана кыргыздар» деген ат менен басылып чыккан.132 Кемал Полат тарабынан орусчадан түркчѳгѳ которулган эмгектин ичинде кыргыздарга байланыштуу эч кандай маалыматтын болбогонун баса белгилей кетели.

Абдрасул Исаков тарабынан 2014-жылы Анкара университетинде корголгон «Кыргыз-моңгол мамилелери» аттуу доктордук диссертациясы 2017-жылы «Түрк тарых коомунун» басмаканасынан китеп катары басылып чыккан133 Ушул жерде баса белгилей кетчү нерсе, кыргыздардын башка калктар менен мамилесинин тарыхын чагылдырган эмгектер Түркияда башка темалардагы эмгектерге салыштырмалуу кѳп жарыяланган.

61.Бул макала алгачкы жолу 2017-жылы Бурса шаарында басылган: Селда Калфазаде. Изниктеги «Кыргыздар» күмбѳзү // 1-эл аралык байыртадан бүгүнкүгѳ чейинки кыргыз-түрк мамилелери симпозиуму докладдары. Бурса 2017. 269-276-б.
62.Д-р. Искуство тарыхы боюнча адис. Элкат дареги: selda.zade@mynet.com.
63.O. Aslanapa, “İznik’te Sultan Orhan İmâret Camii Kazısı”, Sanat Tarihi Yıllığı, I, İstanbul 1964-65, s.16-31.
64.E. Hakkı Ayverdi, “Orhan Gazi Devrinde Mi’mâri”, Yıllık Araştırmalar Dergisi, I, Ankara 1957, s. 122.
65.S. Eyice, “İznik”, Sanat Tarihi Araştırmaları Dergisi, 1, İstanbul 1987, s.105.
66.Ayverdi, a.g.e., s. 122.
67.A. Saim Ülgen, “İznik’te Türk Eserler”, Vakıflar Dergisi, I, Ankara 1938, s. 61-62; K. Otto-Dorn, DasIslamische İznik, Berlin 1941, s. 76-78; E. Hakkı Ayverdi, Osmanlı Mi’marisinin İlk Devri I, İstanbul 1966, s. 180.
68.Ayverdi, Osmanlı Mi’marisinin…, s. 180.
69.O. Cezmi Tuncer, Anadolu Kümbetleri II, Ankara 1991, s. 125; D. Kuban, Osmanlı Mimarisi, İstanbul 2007, s. 154.
70.G. Goodwin, Osmanlı Mimarlığı Tarihi, İstanbul 2012, s. 88.
71.Ülgen, a.g.e., s. 61; Otto-Dorn, a.g.e., s. 76; O. Aslanapa, Yüzyıllar Boyunca Türk Sanatı, İstanbul 1977, s. 175; Ayverdi, a.g.e., s. 122.
72.Ayverdi, a.g.e., s. 122.
73.Михрап-мечиттерде Каабанын жөнүн көргөзгөн, имам отура турган оюк жер (Кот.).
74.Ülgen, a.g.e., s. 62; Otto-Dorn, a.g.e. s. 78.
75.Y. Demiriz, Erken Osmanlı Mimarisinde Süsleme, İstanbul 1979, s. 573-575.
76.Otto-Dorn, a.g.e., s.78.
77.Ülgen, a.g.e., s. 62.
78.Ayverdi, Osmanlı Mi’marisinin…, s. 181.
79.M. Sözen, “Anadolu’da Eyvan Tipi Türbeler”, Anadolu Sanatı Araştırmaları, I, İstanbul 1968, s. 167-209.
80.Sözen, a.g.e., s. 208.
81.O. Aslanapa, Yüzyıllar Boyunca…, s. 185; Y. Ötüken ve diğerleri, Türkiye’de Vakıf Abideler ve Eski Eserler, IV, Ankara 1986, s. 527-530.
82.Otto-Dorn, a.g.e., s. 180; Ayverdi, “Orhan Gazi…, s. 121-122.
83.Türkiyede Vakıf Abideler ve Eski Eserler, III, Bursa İl Merkezi, Ankara 1983, s. 248-249.
84.Ayverdi, “Orhan Gazi…, s. 122.
85.Доценттин милдетин аткаруучу Д-р. Акдеңиз университети Адабият факультетинин тарых бөлүмү, Анталия, Элкат дареги: leyladervis@akdeniz. edu.tr, ORCİD: 0000-0002-9396-9018
86.Abdrasul İsakov, “Kırgızlar ve Kırgızistan Tarihi ile İlgili Türkiye’de Yayımlanmış Bilimsel Çalışmalar (1910-2009)”, Orta Asya ve Kafkasya Araştırmaları, 5(9), 2010, s. 113-114.
87.Караңыз: Hikmet Tanyu, “Abdülkadir İnan’ın Bütün Eserleri”, s. 353-362, http://acikerisim.fsm.edu.tr:8080/xmlui/bitstream/handle/11352/1141/Tanyu.pdf?sequence=1&isAllowed=y, (Алынган датасы: 01.08.2019).
88.Hikmet Tanyu, “Türk Bilgini Profesör Abdülkadir İnan’ın Hayatı”, s. 344, http://acikerisim.fsm.edu.tr:8080/xmlui/bitstream/handle/11352/1141/Tanyu.pdf?sequence=1&isAllowed=y, (Алынган датасы: 01.08.2019).
89.İsakov, “Kırgızlar ve Kırgızistan Tarihi ile İlgili Türkiye’de Yayımlanmış Bilimsel Çalışmalar (1910-2009)”, s. 101-131.
90.Hilmi Ziya, “Kırgızlar”, Mihrab, 4, 1924, s. 114- 117; Hilmi Ziya, “Kırgız Türkmen Kavimleri”, Anadolu Mecmuası, 1(9- 10- 11), 1925, s. 318- 324.
91.Ayşe Tepebaşı, Cumhuriyet’in İlk Yıllarında Süreli Bir Yayın: “Mihrab”, Ankara Üniversitesi Dil ve Tarih-Coğrafya Fakültesi Türkoloji Dergisi, 21(2), 2014, s. 135.
92.Louis Ligeti, “Kırgız Kavim İsminin Menşei”, Türkiyat Mecmuası, 1, İstanbul, 1925, s. 225-249.
93.Necib Asım, “Kırgız Kelimesinin İştikakına Dair”, Türkiyat Mecmuası, 2, İstanbul, 1928, s. 387-389.
94.Абдрасул Исаков, Нежип Асым Языксыздын «кыргыз» термининин этимологиясы тууралуу макаласы, Prof.Dr. Üçler Bulduk’a Armağan, Türk Tarihine Dair Yazılar, Ed. Alpaslan Demir, Ankara, 2017, 765-776-б.
95.Айпери Моңолдор кызы, «Түрк тарыхнаамасында кыргыздар», Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коомдук илимдер институтунун магистрдик диссертациясы, Бишкек, 2018, 23-б.
96.Mehmet Saray, Kırgız Türkleri Tarihi, Yeni Türk Cumhuriyetleri Tarihi Serisi 3, İstanbul: Nesil Matbaası, 1993, 143 s.; Mehmet Saray, Modern Kırgızistan’ın Doğuşu, Ankara: TİKA Yay., 2004, 336 s.
97.Mehmet Saray, Modern Kırgızistan’ın Doğuşu, Ankara: TİKA Yay., 2004, s. 140-152.
98.“Tarihçe”, https://www.tika.gov.tr/tr/sayfa/tarihce-222, (Алынган датасы: 01.08.2019).
99.Kırgızistan’ın Tarihi ve Bugünkü Durumu, Ankara: TİKA Yay., 1995, 17 s.
100.Frunze’nin Türkiye Anıları, çev. Ahmet Ekeş, İstanbul: Düşün Yay., 1996, 114 s.
101.Yavuz Aslan, Mustafa Kemal-M. Frunze Görüşmeleri-Türk-Sovyet İlişkilerinde Zirve, İstanbul: Kaynak Yay., 2002, 147 s.
102.Saadettin Gömeç, Tarihte ve Günümüzde Kırgız Türkleri, Ankara: Akçağ Yay., 2000, 2002, 111 s.
103.Saadettin Gömeç, Kırgız Türkleri Tarihi, Ankara: Berikan Yay., 2009, 2011, 168; 2014, 223 s.
104.“Prof. Dr. Saadettin Yağmur Gömeç”, Ankara Üniversitesi, http://cv.ankara.edu.tr/kisi.php?id=sgomec@ankara.edu.tr&deger=1, (Алынган датасы: 26.07.2019).
105.Seyfeddin Erşahin, Kırgızlar ve İslamiyet: Göçebe Bir Türk Boyunun İslamlaşma Tarihi Üzerine Bir Deneme, Ankara: SEK Yay., 1999, 210 s.
106.Mustafa Erdem, Kırgız Türkleri, Ankara: ASAM Yay., 2000, 291 s.
107.Feyzullah Budak, Kırgızistan: Dünü, Bugünü, Yarını, Ankara: Ocak Yay., 2000, 112 s.
108.Abdıldacan Akmataliyev, Kırgız Folkloru ve Tarihi Kahramanlar, Çev. Kalmamat Kulamshaev, Ankara: Atatürk Kültür Merkezi Yay., 2001, 382 s.
109.Çetin Сumagulov, Oş Şehrinin Epigrafik Anıtları, Çev. Kalmamat Kulamshaev, Ankara: Atatürk Kültür Merkezi Yay., 2001, 85 s.
110.Vilhelm Barthold, Kırgızlar, Çev. Ufuk Deniz Aşçı, Türk Dünyası Tarihi Serisi 3, Konya: Kömen Yay., 2002, 99 s.
111.Belek Soltonoyev, Kırgız Tarihi, 1-2, Çev. Mayramgül Dıykanbayeva, Konya: Kömen Yay., 2018, 324 s.
112.Askar Akayev, Kırgız Devlet Geleneği ve Manas, Rusçadan çev. Saliha İbrahimova, Ergeşbay Rahmanov, Tuğba Şimşek, İstanbul: Da Yay., 2003, 407 s.
113.Oktay Belli, Kırgızistan’da Taş Balbal ve İnsan Biçimli Heykeller, İstanbul: Arkeoloji ve Sanat Yay., 2003, 166 s.
114.Servet Somuncuoğlu, Saymalıtaş Gökyüzü Atları, İstanbul: Atok Yay., 2011, 552 s.
115.Şurubu Kayhan, Manas Destanı’nın Tarihi Tabakaları, Ankara: Akcağ Yay., 2005, 152 s.
116.Üçler Bulduk, Hokand Hanlığı ve İbret’in Fergana Tarihi, Ankara: Berikan Yay., 2006, 208 s.
117.Dinçer Koç, Rus Elçilik Raporlarına Göre Hokand Hanlığı (XIX. Yüzyılın İlk Yarısı), İstanbul: İdeal Kültür Yay., 2016, 215 s.
118.Mustafa Kalkan, Kırgızlar ve Kazaklar, İstanbul: Selengе Yay., 2006, 400 s.
119.Ömürkul Karayev, Türkler ve Kağanlıkları, Çev. Mustafa Kalkan, İstanbul: Bilge Kültür Sanat Yay., 2008, 277 s.
120.Mehmet Kıldıroğlu, Kırgızlar ve Kıpçaklar, Ankara: TTK Yay., 2013, 311 s.
121.İrina Butanaeva, Viktor Butanaev, Yenisey Kırgızları, Çev. Yaşar Gümüş, İstanbul: Ötüken Yay., 2007, 214 s.
122.Ebubekir Güngör, Türkistan’da Fikir Akımları, İstanbul: IQ Kültür Sanat Yay., 2011.
123.Ebubekir Güngör, Bozkırda Bir Ceditçi Kırgızistan’ın Rehberi Moldoke İşenaali Arabayev, İstanbul: IQ Kültür Sanat Yay., 2013. 369 s.
124.Ebubekir Güngör, Repressiya Kırgızistan’da Siyasi Baskı Sürgün ve Yokediliş (1937-1938), Ankara: Bengü Yay., 2018, 308 s.
125.Adem Sağır, Zorunlu Göçler, Sürgünler ve Yol Hikayeleri-Ulupamir Kırgızlar Örneği, Ankara: Nobel Yay., 2012, 272 s.; Adem Sağır, Batum’dan Orta Asya’ya Bir Yol Hikayesi (Sürgün Karadeniz Türklerinin Sosyal Yapısı), Ankara: Atatürk Kültür Merkezi Yay., 2012, 253 s.
126.Bayas Tural, Ayımkan Camankulova, Rahmankul Han ve Dönemi, Çev. Ayşe Nur Kırgız Sağın, İstanbul: TDBB Yay., 2014, 180 s.
127.Malik Kutlu, Bernard, Repond, Hicrete Uzanan Yol: Pamir Kırgızları, İstanbul: TDBB Yay., 2014, 192 s.
128.Turdubek Şeyşekanov, Göl’deki İsyan 1916- Çarlık Mezalimine Karşı Soylu Direniş Hareketi, Haz. A. R. Yeter, A. Ünal, İstanbul: Ötüken Yay., 2013, 230 s.
129.Tamara Ölçekçi, Kırgızların Sosyo-Kültürel Durumları, Ankara: Gece Kitaplığı, 2014, 394 s.
130.Караңыз: Tamara Kabılbekova, XVI-XVII Yüzyıllardaki Kırgızistan’ın Siyasi, Ekonomik ve Kültür Tarihi, Basılmamış YL Tezi, Ankara 1996, 163 s.; Tamara Ölçekçi, Kırgızların Birinci ve İkinci Dünya Savaşları Arasında Sosyo-Kültürel Durumları, Basılmamış Doktora Tezi, Ankara 2004, 399 s.
131.Erhan Arıklı, Başlangıçtan Günümüze Kırgızistan ve Kırgızlar, Ankara: Nüans Kitapevi, 2015, 231 s.
132.Richard Karuts, Mangışlak’taki Türkmenler ve Kırgızlar, Çev. Hüseyin Polat, Ankara: TTK Yay., 2016, s. 66.
133.Abdrasul İsakov, Kırgız-Moğol İlişkileri (IX-XV. YY.), Ankara: TTK Yay., 2017, 327 s.

Türler ve etiketler

Yaş sınırı:
0+
Litres'teki yayın tarihi:
01 ağustos 2023
Hacim:
536 s. 11 illüstrasyon
ISBN:
978-625-6852-25-9
Yayıncı:
Telif hakkı:
Elips Kitap
Metin
Средний рейтинг 0 на основе 0 оценок